Баткендин Максат айылында бийиктиги 40 метр флагшток орнотулду
Аземге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышты
Баткен облусунун Максат айылында бийиктиги 40 метр флагшток орнотулуп, ага Кыргызстандын мамлекеттик туусу илинди.
Күн мурун, 28-майда өткөн туу көтөрүү аземине УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышты.
Атайын кызматтан билдиришкендей, жергиликтүү тургундар катышкан иш-чаранын алкагында Камчыбек Ташиев өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу багытында аткарылып жаткан аракеттер тууралуу кыскача маалымат берип, тургундар менен жакындан баарлашты.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз