Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында бүгүн газ убактылуу өчүрүлдү

Бул тууралуу “Ошгаз” ишканасы билдирди

Ош шаарында бүгүн, 29-майда саат 10:00дөн 17:00гө чейин газ берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Ошгаз” ишканасы билдирди.

Мекеме көгүлтүр от берүү Масалиев, Раимбеков көчөлөрүнүн кесилишинде орточо басымдагы газ түтүгүнөн газдын чыгуусу аныкталып, коопсуздукту камсыздоо максатында оңдоо иштерине байланыштуу токтотуларын белгиледи.

Жаратылыш газын берүү Масалиев, Раимбеков, Ош, Ашимахунов, Алай, Аношин көчөлөрүндө өчөт.

Ошондой эле ишкана шаар тургундарын ушул мезгил аралыгында газ жабдууларын колдонбоону жана күйгүзүп калтырбоону, газ жабдууларды өчүрүүдө жана иштетүүдө коопсуздук чараларын сактоону эскертет.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх