Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин округунан шайлоо

Талапкер Ниязалиеванын добуш сатып алуу фактысына байланыштуу иш козголду (видео)

Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, тергөөнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жүргүзүүдө.

"Эгер тергөөнүн жүрүшүндө талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алууга айыптоо үчүн тийиштүү далилдер аныкталса, укук коргоо органдары талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн БШКга кайрылуусу керек, анткени мыйзамга ылайык, парламенттин депутаттыгына талапкер иммунитетке ээ болот", - деп кошумчалады ал.

Анын маалыматына караганда, милициянын кайрылуусунан кийин БШК чечим кабыл алат.

Эскерте кетсек, буга чейин болжолдуу түрдө депутаттыкка талапкер Ниязалиева У.Р. аттуу адам менен үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулаган аудиожазуу тараган.

 

Алдын ала жыйынтык боюнча, Дамира Ниязалиева Ленин бир мандаттуу округунан шайлоодо жеңген.

Аталган округдан 124 миң 908 шайлоочу катталып, бирок добуш берүүгө 17 миң 423, же жалпы шайлоочулардын 13,95%ы гана катышты.

Дамира Ниязалиевага 6 миң 242 адам добуш берген. Бул катышкан шайлоочулардын 35,83%ын түзөт.

 

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх