Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Быйыл Кыргызстанга 10 миллионго жакын туристтердин келиши күтүлүүдө

Бул тууралуу Акылбек Жапаров билдирди

Бүгүнкү күнгө чейин 2 миллионго чукул туристтерди тосууга даярданып келсек, быйылкы жылы 10 миллионго жакын туристтердин келиши күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында өткөн Кыргызстандын ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана Ысык-Көл облусунун ИИБдин кызматкерлерине гарнизондук саптык кароо учурунда билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын башкы милдети туристтик артыкчылыкты мындан ары жогорулатып, тейлөөнүн баардык деңгээлин жакшыртып, өлкөбүзгө келген конокторго ыңгайлуу жагдайларды тартуулап, коопсуздугун сактоо болуп саналат.

Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мындан эки күн мурда президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында 16 гектар аянтты камтыган, бардык талаптарга жооп берген парктын ачылышын жасады. Заманбап эс алуу жайынын ачылышында Садыр Нургожоевич туризм тармагында жагымдуу шарттарды түзүү аймактарды өнүктүрүү аркылуу жүрүшү керектигин баса белгиледи. Берилген тапшырмаларды так аткаруу максатында, жалпы туристтик аймактардагы экологияга, креативдүү экономикага жана инфраструктураны өнүктүрүүгө карата басым жасайбыз. Башка өлкөлөрдүн туризм тармагына кызыгып, кыялданбастан, өзүбүздүн ажайып кооз жергебиздеги туризмди өнүктүрсөк, элдин жашоосун жакшыртууга, өлкөбүздүн экономикасын өстүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров баса белгилегендей, эл аралык кадыр-барктуу туристтик агенттиктерди, уюмдарды, чет элдик жана ата-мекендик инвесторлорду тартуу менен иш алып барууну негизги максат катары аныктап, бул багытта ишмердикти улантабыз.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх