Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Прокуратура ЖКдан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүну суранды

Аталган иш боюнча комиссия түзүлөт

Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш берди. Бул тууралуу парламенттин 31-майдагы жыйынында спикер Нурлан Шакиев билдирди.

Ал Жогорку Кеңеш 48 сааттын ичинде карап чыгышы керектигин айтып, маселени парламенттин кароосуна алып чыгып, комиссия түзүүнү сунуштады.

"Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизди. Регламентке ылайык, сунушту регламентке коюп, атайын комиссия түзүү үчүн күн тартибине коём", - деди ал.

Күн тартибине коюу боюнча сунуш добуш берүүгө коюлду. Кийин комиссия түзүлөт. Буга 46 депутат "макул", 2 депутат "каршы" болду.

"Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду Кылмыш-Жаза кодексинин 36-беренесинде, 278-беренесинин 1-бөлүмүндө жана 326-беренесиндеги кылмыштарды жасаганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдук берүүңүздөрдү өтүнөм. Экинчиси, Адахан Мадумаровду Кылмыш-Жаза кодексинин 338-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдук берүүңүздөрдү өтүнөм" деп башкы прокурор Курманкул Зулушевден сунуш келди", - дейт Шакиев.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх