Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте "Аэропорт Reis 2023" веложарышы өттү

Веложарыштын жыйынтыг

Бишкекте "Аэропорт Reis 2023" веложарышы өттү.

Мэриядан билдиришкендей, аталган мелдешке бильярд жана велосипед спорту боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин 100гө жакынтарбиялануучусу катышты.

Веложарыштын максаты - сергек жашоо образын жана бош убакытты өткөрүүнүн активдүү формаларын пропагандалоо, ден соолуктун жана экологиянын булагы катары велосипед кыймылын жана велосипед тебүүнү жайылтуу, ошондой эле адамдын өмүрүнүн узактыгын жогорулатуу, сергек жашоону пропагандалоо жолу менен тамеки тартууга, баңгизатка жана алкоголизмге каршы күрөшүү, эко-туризмди, вело туризмди өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн жана региондорду өнүктүрүүнүн кластери катары өнүктүрүү, тоо велосипеди боюнча келечектеги эл аралык мелдештерге спортчуларды даярдоого катышуу болуа саналат.

Веложарыштын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

Эркектер арасында:

1-орун – Маткаримов Мухамед-Али;
2-орун – Ажмал Ромал;
3-орун – Велямов Данияр.

Кыздар арасында:

1-орун – Чалова Алимина;
2-орун – Березовская Евгения;
3-орун – Карга Алла.

Өспүрүмдөр арасында:

1-орун – Сафронов Кирилл;
2-орун – Ажмал Лемар;
3-орун – Маткаримов Шахрух.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх