Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы кездеме калдыктарын кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатып алды

Эми муниципалдык кызматтар калдыктарды чыгаруу жана кайра иштетүү боюнча ар бир ишкана менен келишим түзөт

Бишкек шаарынын мэриясы кездеме калдыктарын кайра иштетүү үчүн атайын жабдууларды сатып алды. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров Ленин районунун жашоочулары менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаарда 250дөн ашуун жеке кийим тигүүчү ишканалар иштейт. Алар өндүрүш калдыктарын таштанды контейнерлеринин жанына таштап, андан соң таштандылар менен кошо полигонго алынып кетет.

“Синтетикалык кездемелер тез эле күйүп, абалды курчутуп жатат. Маселени чечүү үчүн Россиядан 12 млн сомго кездеме калдыктарын бөлүкчүлөргө бөлүүгө жөндөмдүү жабдууларды сатып алдык”, - деди мэр.

Калаа башчысы белгилегендей, каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн. Эми муниципалдык кызматтар калдыктарды чыгаруу жана кайра иштетүү боюнча ар бир ишкана менен келишим түзөт.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх