Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР Социалдык фондунда 536,8 млн. сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды

Анын ичинен 351,5 млн. сом ордуна коюлууга тийиш

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан министрлер кабинетине караштуу Социалдык фондунун 2022-жыл аралыгына карата бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар, бюджеттин резервдери жана жоготуулары, натыйжасыз пайдалнылган каражаттар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Атап айтканда: 2022-жылдын бюджетин аткарууда 536,8 млн. сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды, анын ичинен 351,5 млн. сом ордуна коюлууга тийиш болсо ордуна коюлганы 349,4 млн. сомду түздү.

Анын ичинен:

республикалык бюджетке кайтарууга тийиш болгон каражаттар боюнча 349,4 млн. сом, ордуна коюлган;

тастыктоочу документтерсиз төлөнгөн иш сапар чыгымдар боюнча 14,7 миң сом, ордуна коюлду;

республикалык бюджетке кайтарууга тийиш болгон каражаттардын калдыгына күнүмдүк калдыктарына эсептелген пайыздар түрүндө алынган 2,1 млн. сом киреше ордуна коюлган эмес.

Эмгек акыларга негизсиз төлөөлөр 8,1 млн. сом, анын ичинен:

кызмат ордуна тийиштүү тартипте аттестация жүргүзбөй туруп төлөнгөн зыяндуулук үчүн төлөмдөр 2,7 млн. сом;

кызматкерлердин эмгек өргүүсү үчүн төлөөдөгү финансылык бузуулар 5,4 млн. сом;

республикалык бюджеттен каржыланган каражаттарды пайдаланууда «Банктык тейлөө төлөмдөрү» беренесине тиешелүү болгон пенсия жана жөлөкпулдарды жеткирүүгө «Кыргызпочтасы» МИ жана коммерциялык банктарга төлөнгөн чыгымдар өзүнчө каралбастан 177,0 млн. сомго «Социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпул» беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх