Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда фермерлерге пайызсыз жана күрөөсүз 225, 8 млн сом насыя берилди

Долбоор 2023-жылдын жаз айлардан баштап үч облуста – Ысык-Көл, Нарын жана Таласта пилоттук режимде ишке ашырылууда

КР Финансы министри Алмаз Бакетаевдин тапшырмасы менен “Сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун алкагында ири мүйүздүү мал сатып алуу үчүн пайызсыз жана күрөөсүз кредит алган фермерлер менен жолугушуулар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматы.

Буга байланыштуу финансы министринин орун басары Руслан Татиков Кочкор жана Түп райондорунда жолугушууларды өткөрүүдө. Министрдин орун басары Кара Суу жана Ой Булак айылдарынан сүт азыктуулугун жогорулатуу үчүн бодо мал, материал жана чакан жабдууларды сатып алуу үчүн пайызсыз жана күрөөсүз насыя алган 70тен ашык фермерлер менен жолугушту.

Бул долбоордун алкагында фермерлер өздөрүнүн ийгиликтери жана тажрыйбалары тууралуу айтып беришти.

Министрдин орун басары Р.Татиков, долбоор 2023-жылдын жаз айлардан баштап үч облуста – Ысык-Көл, Нарын жана Таласта пилоттук режимде ишке ашырылууда деп белгиледи. Бул аралыкта 225, 8 млн сом өлчөмүндө 1 737ден ашык фермер мамлекеттен пайызсыз жана күрөөсүз насыя алышты.

Белгилей кетсек, долбоор 2025-жылга чейин созулат. Жалпысынан 6 миңден ашык дыйканга мамлекет тарабынан жалпы суммасы 845 млн сомдук финансылык жардам көрсөтүлөт. Карыз алуучулар 4-8 адамдан турган биргелешкен жоопкерчиликтүү топторго уюшулган. (Топтун айрым мүчөлөрү тарабынан төлөнбөгөн суммалар топтун башка мүчөлөрү тарабынан жабылат). Пайызсыз жана күрөөсүз насыя 3 жылга берилет. Төлөм 3 айда бир жолу жүргүзүлөт.

КРФМ

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх