Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги соода борборунда 3 жаштагы кыз уурдалды (видео)

Наристе эртеси Васильевка айылынан табылган

Борбор калаадагы соода борборлорунун биринде 3 жаштагы кызды уурдап кетишкен. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя кечээ, 9-ноябрда болгон. Милицияга бир аял кайрылып, анын 2020-жылы туулган кызын Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан соода борборундагы балдар аянтчасынан белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Борбордук милициянын жалпы өздүк курамы эскертилип, тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Свердлов РИИБдин кызматкерлери ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте Ички иштер башкармалыгынын жана патрулдук милиция кызматкерлери уурдагандардын өздүгүн аныкташкан. Алар 13 жаштагы Т.А. жана 25 жаштагы Р.М. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда», - деп билдиришти милициядан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх