Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сириянын аймагында согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстандын жараны кармалды

Ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

Чет мамлекеттин аймагындагы согуш аракеттерине, террордук аракеттерге катышуу фактысы боюнча Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Мекеменин маалыматына ылайык, кармалган жаран Т.Х.Х. аттуу 1995-жылы Жалал-Абад областынын тургуну.
Белгилүү болгондой, Т.Х.Х. 2015-жылдын аягында Москва шаарында иштеп жүргөндө “Катиба аль-Таухид валь-Джихад” эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан жалданып, Сирияга жеткирилип, ал жактан диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышкан.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүнө (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх