Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жыгач алып келип берем деп Жалал-Абаддын тургунун 35 млн сомго алдап кеткен жаран кармалды

Шектүү Өзбекстандын аймагынан кармалган

Жалал-Абад облустук милициясы 35 млн сомдон ашуун акчаны алдап кеткен жаранды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, ушул жылы 6-сентябрда Жалал-Абад шаарынын 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2022-жылдын июнь айында Ноокен районунун 22 жаштагы Р.С. аттуу тургуну Россиядан жыгач алып келип берем деп 35 млн 158 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин качып жүргөндүгүн билдирген.
Аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү ресстрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургуну 2001-жылы туулган Р.С. Өзбекстандан кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх