Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен аял кармалды

Наристенин 21 жаштагы апасына кылмыш иши козголду

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан Юг-2 кичирайонунда таштанды челектен табылган жаңы төрөлгөн ымыркайдын энеси табылды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 8-ноябрь күнү саат 23.30дар чамасында Л.Толстой менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды челектен желим баштыкка оролгон ымыркайды ошол жердеги адамдар таап алышкан.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана тергөө тобу барып, ымыркай N1 төрөт үйүнө жеткирилген.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси (жаңы төрөлгөн баланы энеси тарабынан өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

- Ыкчам-иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 21 жаштагы А.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди,- деп айтылат маалыматта.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх