Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таштанды челекке жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен 21 жаштагы аял СИЗО-1ге киргизилди

Ал жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелүүдө

Бишкектеги таштанды челекке жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен 21 жаштагы А.С. СИЗО-1ге киргизилди. Мындай чечимди борбор калаанын Октябрь райондук соту кабыл алды.

Ал тергөө иштери аяктагыча, эки ай кармалып турмакчы.

Эске салсак, 8-ноябрь күнү саат 23.30дар чамасында Л.Толстой менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды челектен желим баштыкка оролгон ымыркайды ошол жердеги адамдар таап алышкан.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана тергөө тобу барып, ымыркай N1 төрөт үйүнө жеткирилген. Наристеге Кыргызстандын президентинин атынан Садыр деген ысым ыйгарылган.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси (жаңы төрөлгөн баланы энеси тарабынан өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх