Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россияда түшүнүксүз жагдайда каза болгон кыргызстандык боюнча ТИМ маалымат берди

 Буга чейин Екатеринбургда 27 жаштагы кыргыз жараны каза болгону белгилүү болгон

Орусияда Свердлов облустук Тергөө комитети 3-ноябрга караган түнү Екатеринбург шаарында каза болгон кыргыз жаранынын өлүмү боюнча ишти тергеп жатат. Бул тууралуу кечээ 12-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу маркумдун жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүп, маркумдун сөөгү 7-ноябрда Кыргызстанга жеткирилген.

Эскерте кетсек, буга чейин Екатеринбургда 27 жаштагы кыргыз жараны каза болгону белгилүү болгон . Маркумдун кандай жагдайда каза болгону тууралуу ар кандай маалыматтар жазылууда. Кээ бир ЖМКлар ал мас абалында жолго чуркап чыгып, ылдамдыкта кетип бараткан кичи автобусту токтотууга аракет кылып, унаа аны тебелеп кеткенин жазышкан. Ал ортодо маркумду тааныган адамдар ал спирт ичимдигин ичпеген адам болгонун, кимдир бирөөлөр аны бычактап, ошолордон качып баратканда жол кырсыгына кабылганын айтып чыгышкан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх