Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК "Айчүрөк" соода борборунун ээси Габбазовго издөө жарыялады (видео)

Габбазов жардамчысы Рамонов аркылуу Камчы Көлбаевге “Мерседес Бенц 222” брондолгон автоунаасын белекке бергени аныкталган

УКМК Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун (ЦУМ) ээси Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланганын билдирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен шек саналып, сыртынан айып тагылды. Атайын кызмат Анвар Габбазов маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгенин кабарлады.

- Габбазов жардамчысы Рамонов аркылуу Камчы Көлбаевге “Мерседес Бенц 222” брондолгон автоунаасын белекке бергени, ал Анвар Габбазовдун акчасына сатып алынганы аныкталган. 2020-жылдын октябрь айында ал машинаны мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен, - деп айтылат маалыматта.

УКМК Анвар Габбазов жана Камчы Көлбаев менен биргеликте Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында баасы 15 млн доллар болгон мурдагы “ЗИЛ” пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, жакын адамдарына каттатып алышканы, ошондой эле А.Габбазов мурда К.Асанбектин жакын тууганынын атына катталган Бишкектин престиждүү райондорунун биринен кымбат батир жана  Чолпон-Ата шаарындагы «Каганат» борбордук уюмунан коттедж сатып алганы тууралуу маалымат түшкөнүн кошумчалады., - деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

УКМК Габбазовдун жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды 0312 66-04-75, 0312 66-65-04 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх