Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмокто жөө жүргүнчүнү сүзүп, изин жашырып кеткен айдоочу кармалды

Жүргүнчү окуя болгон жерден жан берген

Токмокто жөө жүргүнчүнү сүзүп, изин жашырып кеткен айдоочу кармалды.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, кырсык 11-ноябрда түнкү саат үчтөр чамасында шаардын көчөлөрүнүн биринде орун алган. Анда белгисиз айдоочу 37 жаштагы жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн өздүгү такталып, кармалып, ал Subaru Forester унаасынын айдоочусу 24 жаштагы М.И. экени белгилүу болгон. М.И. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх