Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кичи автобустарда уурулуп кылып жүргөн чөнтөкчү кармалды

Анын жанынан 3 даана уюлдук телефон табылган

Бишкек ШИИБнын кызматкерлери тарабынан бир катар уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 3-ноябрында Д.Б. аттуу жаран Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 22:00 чамасында Махатма Ганди жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кичи автобустардын биринде 33 миң сом турган «Poco x3» маркасындагы уюлдук телефонун чапандын чөнтөгүнөн жашыруун түрдө уурдап кетишкен. Чөнтөкчү качып кетүүгө аракет кылып жаткан маалда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1992-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран, мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан шектүүгө карата Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына бир айлык мөөнөткө 2023-жылдын 4-декабрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандан 3 даана уюлдук телефон, анын ичинде жабырлануучунун мурда уурдалган уюлдук телефону табылып, алынган.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх