Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Үйлөнүү үлпөт салонунун атын жамынып, чет элдиктерде интимдик кызмат көрсөткөн сойкукананы уюштурган уюшкан кылмыштуу топ аныкталды (видео)

Эки жаран УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

УКМК чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөтүүгө адистешкен уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, аталган топ расмий түрдө үйлөнүү үлпөт салонун уюштуруп, бирок, кийин чет өлкөлүк жарандарга интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү уюштурулганы аныкталган.

Ошондой эле жаш кыздарды официант катары ишке алуу механизми түзүлүп, анын жүрүшүндө уюштуруучулар аларды ар кандай шылтоолор, анын ичинде коркутуу, шантаж жана каржылык көз карандылык аркылуу сойкулукка тартууга активдүү аракет кылышкан.

- Бул жай тар чөйрө үчүн уюштурулуп, чет элдик жарандар гана бара ала тургандыгы өзүнө өзгөчө көңүл бурдурат (балким жашыруун тасма тартылып, алынган айыптоочу далилдер бул боюнча укук коргоо органдарына кайрыла албай турган чет элдиктерди шантаж кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн). Топтолгон материалдардын негизинде 10-ноябрда керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, аларды ишке ашыруу учурунда ал жерде 30дан ашык кыз жана 16 чет элдик жарандар болгон. Бул иштерге жашы жете элек кыздардын тартылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө, - деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Бул жайдын уюштуруучулары Б.Б. М.К. жана Н.Ч. аттуу жарандар кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган жайдын мамлекеттик кызматкерлердин ичинен бейформал колдоочуларын, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх