Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда массалык мушташка катышкан төрт адам кармалды

Шектүүлөрдүн эң улуусу 21 жашта экени маалым

Жалал-Абад шаарында 10-ноябрда саат түнкү 3:40тар чамасында мейманкананын жанында мушташ болуп жатканы боюнча маалымат милицияга түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери аталган факты боюнча далилдерди алып, Кылмыш кодексинин 280-беренеси менен ("Бейбаштык") кылмыш иши козголгон. Бүгүн облустук милициянын басма сөз кызмат бул иш боюнча төрт адам кармалганын маалымдашты.

Задержание участников массовой драки в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2023
Шектүү катары 21 жаштагы И. С., 20 жаштагы Т. Э. жана З. Р., 19 жаштагы К. Б. кармалган. Милициядан соттук-медициналык экспертизалар дайындалгандыгын айтышты.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх