Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулуктагы мектепке бомба коюлду деп жалган маалымат тараткан окуучу табылды

2007-жылы туулган өспүрүм райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди

Сокулук районунда жайгашкан мектепке бомба коюлду деп жалган маалымат тараткан окуучу табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, болжол менен саат 08:25 чамасында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Алымкул Жакшылыков атындагы № 1 орто мектебине бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган факт Сокулук райондук милициясына катталып, териштирүү иштери башталган. Мектептин аймагы курчоого алынып, окуучулар мугалимдер менен эвакуацияланган.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү катары 2007-жылы туулган К.М. Э. аныкталып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Тергөө уланууда.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы «адам өлүмүн же оор залал келтирүү коркунучун жараткан жардыруу, өрттөө же башка аракеттер тууралуу атайылап жалган билдирүү жасоо» беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланарын эскертти.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх