Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК “Манас” аэропортунан 52 килограммга жакын алтын куймаларын өткөрүүгө аракет кылган чет элдик жаранды кармады

Чет элдик жеке ишкерлер контрабандалык жол менен алтынды алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурушканы аныкталган

УКМК кызматкерлери 52 килограммга жакын 999,9 үлгүсүндөгү алтын куймалары менен чет элдик жаранды кармашты. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

- Коррупциялык схемаларды жоюу, контрабандага жана көмүскө каражаттарды адалдоого багытталган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу алтын куймаларын системалуу түрдө контрабандалык жол менен алып өтүү фактылары тууралуу маалымат алынган, - деп айтылат маалыматта.

Чет элдик жеке ишкерлер материалдык байлыктарды мыйзамсыз алуу, алтын куймаларын кайра сатуу максатында контрабандалык жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурушканы аныкталган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх