Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарын шаарында банкоматта кезекте турган жаш кызды сабап салган эркектин видеосу тарады (видео)

Окуя соода борборунун ичинде болгону маалым

Нарын шаарындагы соода борборлорунун биринде эркек киши банкоматта кезекте турган 20 жаштагы кызды сабап салган. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарап жатат.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 14-ноябрь күнү саат 10.40тар чамасында болгон. Банкоматта кезекте турган кыз менен эркек кайым айтыша кеткен. Натыйжада 31 жаштагы С.уулу Ж. кызды муштуму менен бетке чаап, андан соң башына дагы бир нече жолу сокку урган.

Милицияга жабырлануучу 2003-жылы туулган К.А. арыз менен кайрылган. Учурда алынган жаракаттын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал Нарын районунун Орто-Нура айылынын 1992-жылы туулган С.уулу Ж. экени белгилүү болгон.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх