Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарын шаарында банкоматта кезек күтүп турган кызды сабаган киши кармалды

Учурда тергөө иштери жүрүүдө

Нарында банкоматта кезекте турган кызды сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
- Нарын шаарынын тургуну 20 жаштагы К.А. "102" номерине чалып, бейтааныш адам аны эч себепсиз уруп-сабаганын билдирип, ага карата мыйзамга ылайык чара көрүүнү өтүнгөн, - деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Нарын шаардык ички иштер бөөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Арыз ээси А.К.га соттук-медициналык экспертиза дайындалып, толук кандуу териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү катары Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну 1992-жылы туулган С. у.Ж. кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх