Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте чет мамлекеттерге ишке орноштурууга мыйзамсыз жөнөтүү боюнча каналдын ишмердүүлүгү токтотулду

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында тийиштүү 3 ишкана аныкталган

Бишкек ШИИББнын ЭММКАК ыкчам кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын чет мамлекеттерге ишке орноштуруу максатында мыйзамсыз жөнөтүү боюнча каналдын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу ШИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 9-ноябрында Бишкек ШИИББнын ЭММКАК ыкчам кызматкерлерине бир катар жеке жана юридикалык жактар мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү уруксат кагазы жок Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз ишке орноштуруу кызматтарын көрсөтүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт Бишкек ШИИББнын маалымат каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 3 ишкана аныкталып, алардын директорлору С.Д. 1996-жылы туулган М.З., 1986-жылы туулган жана 1986 жылы туулган А.Н. аттуу жарандар мыйзам чегинде чечим чыгаруу үчүн райондук башкармалыктардын Тергөө кызматтарына өткөрүлүп берилди.

- Көңүл бургула! Урматтуу жарандар жана борбор калаанын коноктору, чет өлкөдөгү жеке ишке орноштуруу агенттиктерине кайрылууда сак болууну жана ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензиянын болушуна көңүл бурууну Бишкек ШИИББ эскертет, - деп айтылат маалыматта.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх