Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«50 миң сом төлөгүлө же болбосо мектепти жардырабыз». Бишкектин мектептеринин бирине бомба тууралуу маалымат түштү

Милиция кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктап, тергөө кызматына жеткиришти

Бишкек ШИИББнын ЭММКАК ыкчам кызматкерлери борбор калаадагы мектептердин биринде бомба коюлган деген жалган чалууга шектелген жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктап, тергөө кызматына жеткирилишкен. Милициянын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 14-ноябрында саат 14:30 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Койбагаров көчөсүндөгү мектеп-гимназиясынын мугалимдеринин биринин WhatsApp” мессенджерине "Саламатсызбы, сиздин мектеп NDM тобу тарабынан миналанган. Адамдарды эвакуациялоого 20 мүнөтүңүз бар, болбосо алар куткарылбайт" деген СМС билдирүү келип түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо райондук башкармалыктын жетекчилиги жана тергөө тобу барышкан. Жеринде Кыргыз Республикасынын ИИМдин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө шектүү жана жарылуучу заттар табылган эмес.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин маалымат каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын ЭММКАК ыкчам кызматкерлери тарабынан М.Н. 2009-жылы туулган М.А. 2009-жылы туулган аталган мектептин окуучулары аныкталып Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилишкен. Окуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган куракка жете электигине байланыштуу ата-энелерине өткөрүлүп берилип, мындан ары мындай фактыларды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх