Нарында соода борборунда сабалган кыз ооруканага түшкөнү айтылды
Шектүү өнөкөт ооруусунан улам камактан чыгарылган
Нарын шаарындагы соода борборунда банкоматка кезекте туруп 31 жаштагы эркектин ур-токмогуна кабылган кыз ооруканага түшкөнү маалым болду.
Нарын шаардык милициясынын маалыматына ылайык, шектүү кармалып, бирок өнөкөт ооруусунан улам камактан чыгарылган. Белгиленгендей, шектүү - Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургунунда 2012-жылдан бери “Талма абалындагы жеңил деменция” деген диагнозу бар болгон. Буга байланыштуу, ал камакка алынган эмес, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде козголгон.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз