Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пробация департаментинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Ал пробациялык көзөмөлдү узартуу үчүн жарандан 30 миң акча талап кылган

Юстиция министрлигине караштуу пробациялык департаментинин Ноокат райондук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси опузалап пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, А.А. пробациялык көзөмөлдү узартуу үчүн С.уулу Б. аттуу жарандан 30 миң акча талап кылган.
13-ноябрда ал акчанын жарымын алып жаткан учурда кармалган.

А.Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүмүнүн (опузалап пара алуу) негзинде кылмыш иши козголду. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх