Токмокто өгөй кызын жарым жылдан бери зордуктап жүргөн 38 жаштагы эркек кармалды
Кыздын апасы 2022-жылы рак оорусуна чалдыгып көз жумганы белгилүү болгон
Токмокто 38 жаштагы эркек жарым жыл бою 11 жаштагы өгөй кызын зордуктап жүргөн. Маалыматты Чүй ОИББнен тастыкташты. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын август айында Токмок шаарынын ШИИБне социалдык камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери арыз менен кайрылып, М.С.Т. аттуу 1985-жылы туулган жаран ушул жылдын февраль айынан бери өзүнүн өгөй кызын зордуктап жүргөнүн билдирген.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 154-беренеси боюнча (“Зордуктоо”) кылмыш иши козголгон. М.С.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизхил
Тергөөнүн жүрүшүндө кыздын 33 жаштагы апасы 2022-жылы рак оорусуна чалдыгып көз жумганы ал өгөй атасы менен калганы белгилүү болгон.
Кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди.
Фото www