Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Бычып салыптыр”. Өзгөндө аялын кызганган күйөөсү таанышын мыкаачылык менен сабаган видео тарады

Шектүү кармалганы белгилүү

Өзгөн районунда эркек адам аялын таанышынан кызганып, аны мамыга байлап аз жерден бычып сала жаздаган. Жакаңды карматкан мындай маалымат социалдык тармактарда пайда болду.

Маалым болгондой, Куршаб айылынын 44 жаштагы тургуну айылдашы менен аялынын ортосунда интимдик байланыш бар деп шектенгенден мындай кылмышка барган.

Ош облусунун ОИББнын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын айтып берди. Алардын маалыматына ылайык, 14-ноябрда болжол менен 00:30да Өзгөн райондук ИИБна территориалдык ооруканадан чалышып, аларга 44 жаштагы эркек жаракаттары менен түшкөнүн билдиришкен.

Жерине барган ыкчам-иликтөө топ 13-ноябрь күнү кечинде Куршаб айылынын 44 жаштагы тургуну К.Ш. ошол эле айылдын 44 жаштагы тургуну Э.Т.ны үйүнө чакырганын аныктаган. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, К.Ш. бычак менен Э.Тны сайып жиберип, андан кийин мамыга байлап койгон.  

Аталган факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгү боюнча («Ден соолукка оор зыян келтирүү») кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Шектүү К.Ш кармалганын милициядан кошумчалашты.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх