Түрмөдөн качууга аракет кылган жаран кармалганын Жаза аткаруу кызматы билдирди
Ал эскертүүчү жана камуфляждык тосмолорун ашып өтүүгө үлгүргөн
Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан түзөтүү колонияларынан биринен качкан соттолуучунун аракетине бөгөт коюлду.
Мекеменин маалыматына караганда, түрмөдө кармалган жаран эскертүүчү жана камуфляждык тосмолорун ашып өтүүгө үлгүргөн. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын Күзөт жана коштоо бөлүмүнүн аскер кызматкеринин бир нече жолу эскертүү огунан кийин кармалды.
Бул факты боюнча ЖАКтын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз