Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо күйөөсү аялын компьютердин монитору менен сабап салган

Аял 20 жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип келген

Караколдо 40 жаштагы аялды күйөөсү компьютердин монитору менен сабап салган. Бул тууралуу Twitter социалдык тармагында укук коргоочу Камиль Рузиев билдирди.

Анын айтымында, эркек жабырлануучу иштеген дүкөнгө келип, уруш чыгарып, бир нече жолу монитор менен уруп салган.
Жабырлануучу мындай нерсе биринчи жолу болбогонун айтып берген. Үй бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аял милицияга жардам сурап кайрылды.

Укук коргоочу аял 20 жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип келгенин кошумчалаган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, ал баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх