Куршабда айылдашы аялын кызганып бычып салган кишиге операция жасалды
Дарыгерлер анын учурдагы абалын айтып беришти
Ош облусунун Куршаб айылында айылдашы тарабынан бычылганы айтылган 44 жаштагы кишинин учурдагы абалын дарегерлер айтып берди. Алардын айтымында,жабырлануучуга операция жасалып, бирок, жыныстык мүчөсүн тигүү мүмкүн болгон эмес. Ал эми балалуу боло албай турганы айтылды.
Эске салсак, 14-ноябрга караган түнү Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасына оор абалдагы жабырлануучуну туугандары жеткиришкен. Ал травмалык шок абалда болгон. Аны айылдашы өзүнүн аялын кызганып, бычактап, кийин электр мамысына байлап салганы белгилүү болгон.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз