Таласта бетон басып калган 35 жаштагы киши куткарылды
Курулуш плитасы анын эки бутун жоон сан этинен басып калган
Таласта бетон басып калган киши куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.Маалыматка караганда, окуя кечээ, 19-ноябрда Талас районунун Жоон-Арык айылында болгон. Айылдагы эскилиги жетип, колдонуудан чыккан маданият-үйүн бузуу иштерин жүргүзүп жаткан Б.Ж аттуу 35 жаштагы жаранды курулуш плитасы (бетон) эки бутун жоон сан этинен басып калган.
- Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, окуя болгон жерге ыкчам түрдө жардам көрсөтүлүп, жабыркаган жаранды тез жардам кызматына өткөрүп берген – деп айтылат маалыматта.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз