Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Арча-Бешикте табылган ымыркайды төрөтканага жеткирген милиция кызматкерлери: «Ыйы угулбасын деп, оозуна даарат кагазын салып коюшкан»

«Үй ээсин биз келгиче баланы жылууда кармап туруусун сурандык эле, ал бирок эч нерсе кылбаптыр»

Милиция кызматкери Толкунбек Ташматов Арча-Бешикте үйлөрдүн биринин короосуна ташталган ымыркай туурасында айтып берди.
Анын айтымында, наристенин ыйлаганы угулбасын деп оозуна даарат кагазын тыгып коюшкан.

«Бизге билдирүү түшкөндөн кийин эки-үч мүнөттөн соң жетип келдик. Мен желим баштыкты ачып, үй ээсинен шейшеп алып чыгып беришин сурадым, анткени эшикте катуу жамгыр жаап, суук болуп жаткан эле. Үйдүн ээси бизге чыккан жок, тосмонун үстүнөн эле бала салынган коробканы берип койду. Мен ага чейин андан баланы шейшеп менен ороп, жылуу кармап турушун суранган элем, эч нерсе кылбаптыр. Тез жардамды күткөнгө убактыбыз жок болчу, патрулдук унаа менен беш мүнөттүн ичинде төрөтканага жеткирип келдик, - деп айтып берген Толкунбек Ташматов.

Эске салсак, кечээ түнү Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин жанынан коробкага салынган абалда ымыркай табылган айтылган.

Бул факты боюнча милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Бүгүн ымыркайын таштаган деген шек менен 20 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, ал тергөө кызматына жеткирилди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх