“Мадина” базарынын ээси Турсунбай Салимовдун уулуна издөө жарыяланды
Салимов өзү буга чейин Көлбаевдин ишине байланыштуу кармалган
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина” базарынын ээст Турсунтай Салимовдун уулу Илшат Салимовго издөө жарыяланганын кечээ, 20-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу жол менен тапкан кирешесин мыйзамдаштыруу фактылары жана кылмыштуу топторду каржылаган айрым ишкерлер боюнча тергелип жаткан кылмыш иши алкагында Илшат Салимовго сыртынан “Көлбаевдин тобун каржылаган жана кылмыштуу кирешени легалдаштырган” деген айып тагылды.
- Илшат Салимов Көлбаевдин таасиринен пайдаланып, бизнес долбоорлордогу айрым өнөктөштөрүн коркутуп-үркүтүп, өз үлүшүнөн баш тартууга мажбурлап тапкан кирешесине жер тилкелерин сатып алып, Көлбаевди каржылаган, ал 3 гектардан ашуун жерге ээлик кылат, курулуш компанияларында үлүшү бар, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМКнын маалыматы боюнча Салимовдор Бишкекте Кыргыз камволдук-нооту комбинатына караштуу №155 бала бакчаны мыйзамсыз мыйзамдаштырып, комбинаттын 4,5 гектар аянттагы кампа жайын мыйзамсыз менчиктештирип, Көлбаевдин бир катар мыйзамсыз иштерине да аралашкан.
Эске салсак, 9-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Салимовду 4-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу жеке ооруканалардын биринде жатканын жактоочулары кабарлашкан.
Фото www