Дагы бир кор болгон ымыркай. Жалал-Абадда 18 жаштагы кыз төрөп, наристени таштанды челектин жанына таштап кеткен
Ымыркай дароо облустук балдар ооруканасына жеткирилди
Кыргызстанда дагы бир жаңы төрөлгөн ымыркайдын ташталганы тууралуу маалымат түштү. Милициянын маалыматына ылайык, 18-ноябрь күнү таңында Жалал-Абад шаарындагы таштанды челектердин жанынан жаңы төрөлгөн кыз табылган. Наристенин айына жетпей, 7 айында 2, 3 кг салмак, 44 см бой менен төрөлгөн.
Алдын ала маалыматка ылайык, баланын апасы 18 жаштагы студент кыз. Ал ымыркайды өз алдынча төрөп, киндигин кесип, таштанды чеклектер жакка калтырып кеткен.
Эске салсак, акыркы бир нече күндүн ичинде бул жаңы төрөлгөн балдардын апасы тарабынан көчөгө ташталып кеткен үчүнчү учур.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз