Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Астраханда 20 адам баңгизаттарына ууланып, үчөө каза тапты. Шектүүлөрдүн арасында кыргызстандык да бар

Жалпы үч шектүү үч кармалды

Орусиянын Астрахань шаарында баңгизатын таратууга шектелген жарандар кармалды. Кармалгандардын арасында Кыргызстандын жараны да бар.

Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Астрахандын 20 тургуну белгисиз заттан уулануунун белгилери менен ооруканага жаткырылган. Алдын ала маалымат боюнча алар синтетикалык дарыларды колдонушкан.

Бир катар маалымат каражаттары ооруканага түшкөндөрдүн үчөө каза болгонун, уулангандардын саны 25ке жетип, өсүү уланып жатканын жазышууда.

Бул фактынын негизинде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Баңги затын тараткан деген шек менен үч адам кармалды — алар Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары.

Астрахан облусунун Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы үч күндө 19 адам дары-дармекке ууланып ооруканага жаткырылган, алардын алтоосунун абалы оор.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх