Бишкекте Өзбекстанда издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Ал Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Өзбекстан Республикасына чыгарылды
15-ноябрда Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран Сурхандарыя облусунда 1997-жылы туулган А.С.Ш. аттуу кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, Өзбекстандын аймагында зомбулук мүнөздөгү аракеттер менен байланышкан оор кылмыш жасагандыгы аныкталган.
Атайын кызмат ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен облусунун аймагы аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнүн кошумчалады. Шектүү жогорудагы жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
Учурда ал Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Өзбекстан Республикасына чыгарылды.
Фото www