Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Балта дарыясынын жээгине жүк ташуучу унаа оодарылып, 20 тонна бензин сууга куюлуп кеткен

Эки айылда суу берүү токтотулду

Кара-Балта дарыясынын жээгине жүк ташуучу унаа оодарылып, 20 тонна бензин сууга куюлуп кеткенин Өзгөчө кырдаалар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 21-ноябрда Бишкек - Ош унаа жолунун 113-чакырымында DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп, оодарылып кеткен.

undefined

Кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы З.Д. аттуу айдоочу жабыркап, тез жардам кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми кулаган цистернадан 20 тонна бензин төгүлүп, Кара-Балта суусуна куйган.

Буга байланыштуу Талды-Булак жана Сосновка айыл аймактарынын айылдарына суу берүү токтотулган.
Учурда суу экспертизадан өткөрүлүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх