Токтогул ГЭСинде күзөттө турган шеригин атууга шектелип жаткан жоокер кармалды
Учурда кармалган жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Токтогул ГЭСин кайтарып турган жоокерди атты делген башка жоокер кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, катардагы жоокерди атып качып кеткен 21 жаштагы шектүү Б.У. бүгүн, 21-ноябрда болжол менен саат 16:00дө кармалган. Ал Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринин чатырында жашынып отурган. Сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлүп, жанына куралы да алынган.
Учурда кармалган жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Эске салсак кечээ 20-ноябрда күзөттө турган 20 жаштагы жоокерди башка жоокер атып алган. Окуядан кийин шектүү из жашырып кеткен.
Фото www