KG Group компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды
Ал 15-январга чейин камакта болот
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун бөгөт чарасынын мөөнөтү 15-январга чейин узартылды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Имамидин Ташов тергөөнүн жүрүшүндө 2024-жылдын 15-январына чейин камакта болот.
Эске салсак, Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде 26-октябрда кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, Имамидин Ташовдун курулуш компаниясы «Озтопарк» ЖЧКсы (KG Group ) бала бакча үчүн бөлүнгөн жерге эки көп кабаттуу үйдү мыйзамсыз куруп алган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз