1 млн 200 миң АКШ долларына мамлекеттин жерин сатам деген “Кадастр” мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалды
Ал алдамчылыкка шектелүүдө
Кызмат абалынан пайдаланып алдамчылык аракеттерге барганы үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси А.С.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2023-жылдын март айында А.С.К. Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык пайда алуу максатында Ж.О.С. аттуу жаранга 1 млн 200 миң АКШ долларына 3 гектар жер тилкесин (мамлекеттин балансында турган Байтик-Батыра көчөсүндөгү Орто-Сай айылындагы жер тилкесин) сатып алууну сунуштаган.
Кылмыштуулук фактыларын тастыктоо жана документтештирүү максатында 2023-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарындагы кафелердин биринде (мурда алынган 150 миң АКШ долларынын) 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда А.С.К. пара менен кармалды.
Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгында А.С.К. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Фото www