Ош базарында эки тааныштын урушу бычакташуу менен аяктады
Милиция 30 жаштагы кишини кармады
Бишкекте тартип сакчылары таанышын бычак менен сайып жиберген 30 жаштагы эркек кишини кармады. Бишкек ШИИББнын маалыматына ылайык, 17-ноябрда түн ичинде ооруканага ичине бычак сайылган эркек адам түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө группасы барган. Т.Э. аттуу жабырлануучу арыз жазып, анда Ош базарынын ичинен Т. аттуу таанышы экөө кайым айтыша кетип, ал аны ичке бычак менен сайып жибергенин айтып берген.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш жана жаза Кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү аныктап, ал 30 жаштагы А.Т болуп чыккан. Кармалган адам чөнтөк уурусу катары каттоодо экени, буга чейин соттолгону белгилүү. Шектүү учурда Бишкек ШИИББНын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Анын башка кылмыштарга катышы аныкталууда.
Фото www