Өзгөндө бычылды деген кишинин абалы айтылды
Ал азырынча ооруканадан чыгарыла элек
Өзгөн районунун Куршаб айылында айылдашы тарабынан бычылды деген 44 жаштагы кишиге операция жасалган. Бул тууралуу Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасынан маалымат беришти. Ак халатчандардын айтымында бейтаптын абалы жакшырууда, азырынча ооруканадан чыгарыла элек.
Эске салсак, 13-ноябрда Куршаб айылынын 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну аялын 44 жаштагы Э.Т. аттуу айылдашынан кызганып, ага талуу жерине бычак сайып жиберген. Андан соң ал жабырлануучуну электр мамысына байлап салган Жабырлануучу аймактык ооруканага түшкөн. Ага чукул операция жасалган. Кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургун кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Анын жубайы соцтармактар аркылуу кайрылуу жасап, күйөөсүнөн зомбулук көрүп келгенин, 5 айдан бери Россияда жүргөнүн, жабырлануучу менен андай мамилеси болбогонун айткан.
Фото www