Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция Лалафо тиркемесинде шугулданган көз боёмочуну кармады

Ал дээрлик эки млн сомго эки адамды алдап кеткен

Москва районунда көз боёмочулукка шектелип, 22 жаштагы жаран кармалды.
Чүй облусунун ИИБнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 8-октябрга милицияга эркек адам арыз менен кайрылган. Ал арызында “Лалафо” тиркемесинен ага И.Т. аттуу жаран 103 коюн алып, бир айдан кийин акчасын берем деген бойдон изин жашырып кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, И.Т. ошондой эле алдоо жолу Т.Т. атту жарандан дагы 250 миң сомдук Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын алдап алганы белгилүү болгон. Бул факты боюнча да кылмыш иши козголгон.

Шектүү кармалып, ал 2001-жылы туулган И.Т. экени аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх