Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте батир алууга жардам берем деген аял таанышын 23 миң долларга алдап кеткен

Октябрь РИИБдин аймактык ыйгарым өкүлдөрү тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды

2023-жылдын 22-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Т.К. атту жараны “Ш.Г.” аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Себеби ушул эле жылдын 9-июлунан 26-августуна чейинки аралыкта 7-микрорайонунда жайгашкан дүкөндөрдүн биринде, батир алууга жардам берем деген шылтоо менен, жабырлануучунун ишеничине кирип, алдамчылык жолу менен 23 мин 300 АКШ доллар акчасына ээ болгон. Андан кийин акча каражаттарын алып, белгисиз тарапка качып кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин аймактык ыйгарым окулдору тарабынан тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган Ш.Г. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Октябрь райондук соту тарабынан шектүүгө карата 2 айга камакка алуу бөгөт кою чарасы тандалды.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.
Милиция кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранат: 0(708) 577 044, 0(502) 603 030 же 102.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх