Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 15 жаштагы окуучу кызды зордуктоого аракет кылган шектүү изделүүдө (видео)

Өспүрүм аны видеого тартып калганга жетишкен

Бишкекте белгисиз эркек борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен 15 жаштагы окуучу кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу кыздын эжеси социалдык тармактарга жарыялаган.

Маалыматка ылайык, кол салуу 24-ноябрда эртең мененки саат 8:40 чамасында Жибек Жолу менен Манас проспектилеринин кесилишинде болгон. 15 жаштагы кыз мектепке бара жатканда белгисиз киши анын колун кайрып, бактардын арасына сүйрөй баштаган.

Кыз каршылык көрсөтүп, жардам сурап кыйкырган, бирок эч ким келген эмес. Шектүү окуучуну бактардын арасына сүйрөп барып, жерге жыгып, кармалай баштаган. Ошол маалда көчөдөн адамдар өтүп, алардан корккон эркек качып кеткенин жазган кыздын эжеси.

Кыз шектүүнү аркасынан видеого тартып калганга жетишкен.

Аталган факты боюнча Ленин РИИБге окуя боюнча арыз түшүп, каттоого алынып, башталган. Учурда шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх