Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо өлгөн союлуп келген касапкана жабылды

Аны жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде күтүүсүз текшерүүгө алышкан

Караколдо өлгөн мал союлуп келген касапкана аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мал союлуучу жай тиешелүү уруксат документтери жок, өз билемдик менен ачылып, иш алып барып келген.
- Жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында, бул мал союучу жай ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбай, мыйзамсыз иш жүргүзүп, өлгөн малды союп келгени аныкталды, - деп билдиришти ведомстводон.

Белгиленгендей, учурда аталган мал союлуучу жай ишин токтотту.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх