Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүйдө эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган

Токмок шаарына жакын Чүй айылында эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, аталган айылда турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, өрттү өчүрүүгө саат 16:28ден тарта ӨКМдин Токмок шаардык Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 17:07 чектөөгө алынган.

Чүй айылында турак үйдөн чыккан өрт саат 18:05де өчүрүлдү. Такталган маалымат боюнча кырсыктан жабыркагандар жок.
Тилсиз жоодон үйдүн болжол менен 280 чарчы метри күйгөн.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх